• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алтынбек Максутов иш сапарынын алкагында казакстандык кесиптеши менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов иш сапарынын алкагында Казакстандын туризм жана спорт министри Ермек Маржикпаев менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда тараптар эки өлкөнүн спортчулары ортосунда биргелешкен окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүнү, спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүнү жана быйыл Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшүн, ошондой эле спорт тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Тараптар Кыргызстан менен Казакстанды тарыхый тамырлар, көп кылымдык достук байланыштар, тил, маданият жана каада-салттар боюнча окшоштуктар байланыштырып турарын, өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жигердүү жүрүп жатканын, спорт уюмдары спорттук билим берүү, спорттук медицина, окуу-машыгуу жыйындары боюнча жемиштүү кызматташып жатканын белгилешти.

Белгилей кетчү жагдай, үстүбүздөгү жылдын 8-14-сентябрында Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи күтүлүүдө.

Кыргызстан оюндардын ачылыш аземинде спортчулардын парадын ачуу укугун сактап, көчмөндөр оюндарынын гимни ырдалат.

Эске салсак, 2021-жылдын март айында КР президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга расмий сапарынын алкагында улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий