• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Юстиция министрлигинде ведомстволук ротация болду

Коом 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Юстиция министрлигинде ведомстволук ротация болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, юстиция министринин буйругу менен Талас облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы Жайлообаев Бакыт Канаевич, Нарын облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Талас облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы кызматына мурда Нарын облусунун юстиция башкармалыгын жетектеген Абдуллаева Гулгакы Калмамамтовна дайындалды.

Кадрдык алмашуулар кызматкерлердин кадрдык дараметин сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле Юстиция министрлигинин тутумундагы иштин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий