• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Балдар үйүнүн тарбиялануучуларын майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Жаңы жылдын алдында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Сергей Слесарев баштаган министрликтин өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү колдоо борборуна (Бөбөктөр үйү) барышты.

Ведомстводон билдиришкендей, балдар менен жолугушуу жемиштүү жана кызыктуу өттү. Балдар үйүнүн тарбиялануучулары кышкы жомок тууралуу театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүп, жакшы каалоо-тилектерин айтышып, келген коноктор үчүн жаңы жылдык программа тартуулашты.

Балдар үйүнүн майрамдык шартында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары мекеменин жалпы жамаатын жана балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, жамааттын аткарып жаткан маанилүү иштери үчүн ыраазычылык билдирүү менен жаңы жылда баарына ден соолук, бакыт, кубаныч жана жаңы ийгиликтерди кааларын билдирди.

Салтанаттын жүрүшүндө балдардын турмуш-тиричилик муктаждыктарына, анын ичинде эң керектүү буюмдар жана гигиеналык буюмдар тапшырылды.

Маалымат үчүн: Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борбору борбордогу эң эски мекемелердин бири.

Балдар үйү 1919-жылы ата-энесинин камкордугусуз калган (жетим балдар) балдар үчүн ачылып, андан кийин жетимдерди, кароосуз калган балдарды жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарын кабыл алган өзгөчө статустагы балдар үйүнө айландырылган.

Бүгүнкү күндө мекемеде турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн, кароосуз калган, жетим 50 бала жашайт.

Пикир

Оставить комментарий