• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алмазбек Исманкулов эки айга камакка алынды

Коом 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. “Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов эки айга тергөө абагына камалды.

Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, 12-февралда тергөө сотунун чечими менен И.А.О.га карата 2023-жылдын 9-апрелине чейин №21 мекемесине кармоо түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Ошондой эле сот Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору Талант Рыскулбек уулун 2023-жылдын 9-апрелине чейин үй камагына чыгарды.

Эскерте кетсек, “Көз микрохирургия” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго Бишкек мэриясынын кызмат адамдарына карата коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бир нече жооптуу кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барышкандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө жатпагандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан, ижара акыларын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий