• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданият министри Мамлекеттик китеп палатасынын ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Коом 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Мамлекеттик китеп палатасынын учурдагы ишмердүүлүгүнөн кабар алып, эмгек жамаат менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач, китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов мекеменин жалпы ишмердүүлүгү, эмгек жамааттагы кадр таңкыстыгы, кызматкерлерге түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.

Жолугушууда жалпысынан китеп палатасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана заман талабына ылайык иш алып баруу, элдин китепке болгон мамилесин өзгөртүү, аны калыптандырууга көрүлүп жаткан иш аракеттер айтылып, 2023-жылы “Китеп күнүн” жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча даярдалып жаткан долбоор тууралуу талкууланып, иш-чаралар планын комплекстүү чечүү жөнүндө сөз болду.

Мамлекеттик китеп палатасы 1937-жылы түзүлгөн. Аналогу жок мамлекеттин тарыхында өзүнүн кайталангыс өзгөчө орду бар. Өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө», «Басма иши жөнүндө» мыйзамдарынын, «Мамлекеттик китеп палатасынын Жобосу» ж. б. нормативдик-укуктук актылардын негизинде жүргүзөт.

Китеп палатасы Кыргызстандын аймагында менчигинин түрүнө карабастан басылмалардын бардык түрүн жана аудиовизуалдык продукцияларды кабыл алат, тандайт, келгендерин каттайт, эсепке алат, бөлүштүрөт жана аларды көзөмөлдөйт.

Басылмалардын акысыз милдеттүү нускалардын негизинде китеп палатасынын архивдик фонду түзүлөт. Ошондуктан документтердин милдеттүү нускасын өз убагында жана толук түшүшүн жана тарашын камсыздайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тизменин негизинде китепканаларга, илимий жана маалыматтык мекеме-уюмдарга документтердин милдеттүү нускасын өз убагында бөлүштүрүп берет.

Палатада «Улуттук библиография» бөлүмү республиканын аймагында жарык көргөн басылмаларды мамлекеттик библиографиялык каттоодон өткөрүп, илимий жана мамлекеттик маалымат библиографиясын түзөт. Ал Кыргызстанда жарык көргөн бардык басма басылмалары тууралуу толук маалымат берүүчү мамлекеттик библиографиялык көрсөткүч-жылнаама даярдоо жана аны жарыкка чыгаруу жолу менен ишке ашырылат.

«Ретроспекция, статистика жана басылмалардын архиви» бөлүмү улуттук басылмалардын статистикалык маалыматын берет. Кыргызстандагы басылмалардын кайсы: тилде, басмада, жерде, канча: нуска, басма табак, тематикалык багыттарын, жанрларын аныктап басылма жөнүндө толук статистикалык маалыматты жылда жалгыз булак катары КР Улуттук статистикалык комитетине Китеп палатасы берет. Анын негизинде жыл сайын «Кыргыз Республикасынын басма сөзү» деген орусча, кыргызча атайын китепче чыгарылат.

«Басылмаларды каталогдоштуруу жана стандартташтыруу» бөлүмү Кыргызстанда китеп номерлерин стандартташтыруу ишин аткарат. Басылма ишинде эл аралык ISBN, ISMN, ISSN агенттиги менен келишим түзүп, Кыргыз басылмалары жөнүндө «Басылмалардын эл аралык маалыматтамасына» берип дүйнө элин кабардар кылат. Китептерге, журнал, гезиттерге, сериалдык стандарттагы номерлерди ыйгарат. Китептердин, газета, журналдардагы макалалардын бардык түрүн чагылдырган каталогдук жазмалардын аналитикалык, алфавиттик жана системалык картотекасын түзөт. Акын-жазуучулардын, котормочулардын, рецензенттердин карточкалары жазылат.

Жыл сайын карточкаларды редакциялап «Печать Кыргызстана» деген электрондук каталог чыгарылат. КР басма продукциясын классификациялайт, китептерди индексациялайт, карталарга кыскача аннотациясын жазат.

Пикир

Оставить комментарий