• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Ташкенттен Ысык-Көлгө авиакаттам ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Өзбекстандын Centrum Air авиакомпаниясы 2023-жылдын 14-июлунда Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча түз авиакаттамды ачууну максат кылууда.

"Манас" эл аралык аэропорту кабарлагандай, каттамдар жумасына 1 жолу - жума күндөрү аткарылат.

Өлкөнүн башкы аба майданы аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий