• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан-Тажикстан оюну: Бишкекте көчөлөр жабылат

Коом 0

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. Эртең, 19-ноябрь күнү Кыргызстандын футбол курамасы менен Тажикстандын курамасынын оюнуна байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол милициясынан белгилешкендей, эртең Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфиловго чейинки бөлүгүндө унаалар үчүн чектөө киргизилет.

"Көчөлөр саат 17:00дөн баштап оюн аяктаганга чейин жабык болот. Буга түшүнүү менен карап, бара турган жериңерге жолду алдын ала белгилеп алышыңыздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эртеңки оюн 2020-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында өтөт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий