• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркияга жардам. Кыргызстандыктар дээрлик 5 млн сом чогултушту

Коом 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 13-февраль саат 10:00гө карата жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 4 млн 958 834,41 сом жана 12 миң 550 рубль чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Буга чейин министрлик 10-февралга карата 12 млн 350 миң сом чогулганын маалымдаган, бирок министрликте катачылык кетип, туура эмес цифра берилгени белгилүү болгон.

"Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, акыркы чыгарылыш 10.02.23 жылы - жер титирөөдөн жабыркаган Түркия Республикасынын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке акча түшкөндө 12 миллион 350 миң сом чогулганын кабарлаганбыз. Чынында бизге валюта (сом, рубль) белгиленбей, таблица түрүндө отчет берилген. Ушуга байланыштуу кечирим сурайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: "Айыл Банк" ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, рубль, АКШ доллары, евро)

Төлөм коду: 14411100 - "Учурдагы жардам";

Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.

Пикир

Оставить комментарий