• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык окуучу Бакуда өткөн эл аралык олимпиадада 2-орунду ээледи

Билим 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Кыргызстандык окуучу Ян Бобрус эл аралык олимпиадада 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

"Таланттарды даярдоо лабораториясы" аттуу математика, физика жана химия боюнча VI эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасы Бакуда 24-27-декабрь күндөрү өткөн.

Олимпиадага Кыргызстандан, Азербайжандан, Грузиядан, Казакстандан, Россиядан жана Өзбекстандан келген окуучулар катышты.

Ян Бобрус "Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучусу. Ал математика боюнча жалпы 40 упайдан – 40 упай, физикадан –10 упай, химиядан 4 упай топтогон. Аны олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргызстандын курама командасына төмөнкү окуучулар кирген:

  • Ян Бобрус, "Газпром Кыргызстан" мектебинин 8-классынын окуучусу, 54 упай,
  • Жасурбек Тешабаев, "Сапат" муниципалдык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу, - 26 балл,
  • Иса Мамытов, "Сапат" муниципалдык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу – 10 балл.

Команданын жетекчиси – химия боюнча эл аралык олимпиадасынын (ICHO) коло байге ээси Дооронбек Маметов.

Пикир

Оставить комментарий