• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Кытайдын ЖОЖдору кызматташтыкты күчөтөт

Билим 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. 18-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Сиань Сыюань университетинин (Кытай) делегациясын кабыл алышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана Сиань Сыюань университетинин проректору Чжао Мин Юй ОшМУнун студенттерин Сыюань университетине тандоо боюнча келишим тууралуу айтып беришти.

Студенттер окууну аяктагандан кийин кош диплом, тагыраагы ОшМУ менен Сиань Сыюань университетинин бакалавр даражасын ала алышат.

Кыргызстанга болгон иш сапарында Сиань Сыюань университетинин делегациясы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине болуп, Кыргыз-Орус Славян университети жана Кыргыз улуттук агрардык университетинде өз ара кызматташууну жөнгө салуу максатында жолугушууларды пландаштырып жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий