• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУ Түркиянын Медицина илимдеринин университети менен кызматташат

Билим 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. ОшМУ Түркиянын Медицина илимдеринин университети менен кызматташат. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматк аылайык, кызматташуу меморандумуна ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Түркиянын Медицина илимдеринин университетинин ректору Джевдет Эрдол кол койду.

Меморандумда эки өлкөнүн жогорку окуу жайлары окутуучулaрды, изилдөөчүлөрдү, студенттерди aлмaшуу, биргелешкен билим берүү, илимий изилдөө долбоорлору, кыскa мөөнөттүү билим берүү, илимий прогрaммaлaрын ишке ашыруу, биргелешкен конференция, семинaр жaнa илимий отурумдaрды, конок лекцияларды уюштуруу сыяктуу бир топ маселелер камтылган.

Түркиянын Медицина илимдеринин университети чет өлкөдө билим берүү кызматын көрсөтүүгө ыйгарым укук алган жалгыз мамлекеттик университет болуп саналат. Университеттин 5 институту, 19 факультети, 6 адистештирилген мектеби, 37 илимий изилдөө борборлору бар.

Пикир

Оставить комментарий