• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык окуучу Казакстанда өткөн математика боюнча олимпиадада 1-орунду алды

Билим 0

Бишкек, 26.06.22. /Кабар/. Кыргызстандык окуучу Казакстанда өткөн математика боюнча олимпиадада 1-орунду алды. Бул туралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-14-июнунда Алматы шаарында Шалтай Смагулов атындагы Республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу этабы өттү.

Финалдык этапка катышуу үчүн Кыргызстандан 5 катышуучу чакырылган. Кыргызстандык команданын курамында:

1. Фёдор Корнияш, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу;

2. Мерида Даниярова, Бишкек шаарындагы Intellect School жалпы билим берүүчү жеке мектебинин 6-классынын окуучусу;

3. Амантур Токтоназаров, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясынын 6-классынын окуучусу;

4. Саян Сарыкбаев, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясынын 6-классынын окуучусу;

5. Бектур Айдаров, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясынын 6-классынын окуучусу;

"Окуучуларды олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдады. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Фёдор Корнияш биринчи орунга ээ болду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий