• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Fusion Concept Kyrgyzstan чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Маданият 0

Бишкек, 26.06.22. /Кабар/. Кечээ, 25-июнда Fusion Concept Kyrgyzstan чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, BMWнын Кыргызстандагы расмий дилеринин өкүлү Баатай Сулайманов жана бир катар ири компаниялардын жетекчилери фестивалга дүйнөлүк колдоо көрсөтүштү.

“Fusion Concept” квалификациялык чемпионатынын биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталган:

1. Попинг – номинациясын Жан Воиновдун окуучусу – Бообек Саламатов жеңип алды (Бишкек, Кыргызстан)

2. Хип-хоп – номинациясы боюнча Владимир Мещеряков (Ташкент, Өзбекстан)

3. All Styles Kids - Элая Байшакова (Алматы, Казакстан) болду.

Ал эми Кыргызстандык Ома жана Ема Twins (Бишкек, Кыргызстан) Fusion Concept программасынын жеңүүчүлөрү болду. Эми алар август айында Парижге барат.

Францияда өтө турган чемпионатка дүйнөлүк калыстар тобунун курамына биздин мекендешибиз Жан Воинов катышат.

Эске салсак, 24-июнда "Fusion Concept Kyrgyzstan" чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өтүп, анда Мадоннанын хореографы – Марвин Гофин хип-хоп жанрында мастер-класстарды өткөргөн.

Биринчи күндүн алкагында квалификациялык этаптар өтүп, калыстар тобу All Styles Kids, Popping, Hip-Hop, Freestyle 2x2 өңдүү бардык номинациялардын жарым финалчыларын тандап алышкан.

Пикир

Оставить комментарий