• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эл акыны Эсенгул Ибраевдин өзбекчеге которулган "Бийчи көпөлөктөр" ыр жыйнагынын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.06.23./Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл акыны Эсенгул Ибраевдин 90 жылдыгына арналган “Күндөр менин канатым” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция жана акындын өзбек тилине которулган “Бийчи көпөлөктөр” аттуу китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чара бүгүн Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөн.

Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршиду Мирзахидов, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Аскарбек Байсеркеев, Эсенгул Ибраевдин жубайы, Э. Ибраев атындагы коомдук фонддун төрайымы Саткын Абдрахманова, публицист Кубан Мамбеталиев, акындын "Бийчи көпөлөктөр" китебин өзбек тилине которгон котормочулар, филология илимдеринин доктору Баходыр Рахманов, жазуучу Бегижан Ахмедов ж.б. бир катар адабият, маданият ишмерлери катышты.

Кайрат Иманалиев кыргыз элинин чыгаан инсаны Эсенгул Ибраевдин ырлары чет тилдерге которулуп жатканы абдан кубанаарлык иш экенин белгилеп, залкар акындын 90 жылдык мааракесин быйыл күзүндө мамлекеттик деңгээлде өткөрүү боюнча министрлик тарабынан көрүлүп жаткан аракеттерге токтолду.

Жыйындын соңунда акындын "Бийчи көпөлөктөр" китебин өзбек тилине которгон өзбек элинин котормочусу Баходыр Рахманов менен жазуучу Бегижан Ахмедовго Эл аралык Кувейт университетинин ардактуу профессору наамын аталган университеттин ректору Аскарбек Байсеркеев тапшырды.


Кыргыз Республикасынын эл акыны Эсенгул Ибраев 1933- жылы 16- мартта Нарын облусуна караштуу Чет-Нура айылында туулган.

1952-жылы Нарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн.

1952–1956-жылдары Кочкор, Нарын районунун мектептеринде жана райондук комсомол комитеттеринде иштеген.

1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.1961–1987-жылдары Республикалык саясий сатиралык«Чалкан» журналында адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары,башкы редактор болуп иштеген.1962-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын мүчөсү, Нарын «Ынтымак» коомунун президенти болгон.Кыргыз ССР Жогорку Советинин Грамотасы, Ардак грамоталары менен сыйланган.

1999-жылы Ата Түрк маданий борбору менен Ата Түрк Илим жана тарых боюнча кеңешинин ардактуу академиги,1999-жылы Автордук укук коргоо боюнча Швейцариалык «Суисанын» мүчөсү болгон.1994-жылы «Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 2001-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» наамы берилген.

2002-жылы Эл аралык «Руханият» ассоциасынын лауреаты болгон. 2006-жылы «Насыят» китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий