• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга Maybach унааларын баасын төмөндөтүп алып кирүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Кыргызстанга Mercedes-Benz, Maybach үлгүсүндөгү эки унааны баасын төмөндөтүп алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери төмөнкү унаалардын бажы наркын төмөндөтүү фактысын аныктады:

- 2021-жылы чыгарылган Mercedes-Benz, Maybach,

- 2022-жылы чыгарылган Mercedes-Benz, Maybach.

Белгиленгендей, бажы эрежелерин бузуунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 297 миң 357 сомду түздү.

Чогулган материалдар КБР АДС МКЖга катталып, КР мыйзамдарына ылайык кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий