• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаары: Милдеттүү медициналык камсыздандыруу. Жаңы мыйзам. Эмне өзгөрдү?

Аймак 0

Бишкек, 21.06.23./Кабар/. Өлкөдө 10-апрелден баштап "Кыргызстандагы жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам күчүнө кирди. Жаңы нормалар буга чейин камсыздандыруусу бар жарандарга таасир этпейт. Өзгөртүүлөр расмий жумушу жок, салык төлөбөгөн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөн жарандарга тиешелүү.

Кыргызстанда жашап, иштеп, окуп жаткан чет өлкөлүк жарандар, 21 жаштан жогору студенттер жана окуу жайларында сырттан окугандар, патентсиз иштеген, салык төлөбөгөн, социалдык фондго чегерүүлөрдү жүргүзбөгөндөр, иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турбаган жана ишке орношпогон жумушсуздар милдеттүү медициналык камсыздандырууга камтылат.

ММК полисин сатып алуу бир жылга 1 миң 722 сом, чет өлкөлүк жарандар 12 календардык ай үчүн 16 миң 391 сом төлөйт.

ММК фондунун Нарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бул багытта эл көп топтолгон жайларда кыдырып маалымат беришүүдө

Пикир

Оставить комментарий