• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун эки тургуну диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты

Аймак 0


Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Ош облусунун 2 тургуну «ХТИ» диний-экстремисттик уюмунун жана «ИМ» эл аралык террористтик уюмунун (ЭТУ) экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалматка ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы диний-экстремисттик уюмунун жана эл аралык террористтик уюмунун ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүүнү улантууда, бул уюмдардын мүчөлөрүн радикалдык-экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.

Ошентип, А.Р.А. аттуу жарандын «ХТИ» диний- экстремисттик уюмунун жана М.Ф.Х. аттуу жарандын эл аралык террористтик уюмунун идеологиясынан баш тартуусуна чейин алар менен түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бул иш-чаралардын жүрүшүндө аталган адамдар диний-экстремисттик уюмдардын идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, тыюу салынган уюмдарга мындан ары мүчө болуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.

Пикир

Оставить комментарий