• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Квалификациясын жогорулаткан англис тили мугалимдерине сертификаттар тапшырылды

Билим 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги менен Борбор Азия боюнча Anglia examinations мекемесинин өкүлчүлүгү “Англия экзаминейшнс” билим берүү мекемеси биргеликте өткөрүп жаткан англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсу уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

18-июлда аталган курстун экинчи агымын ийгиликтүү аяктаган 26 мугалимге билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев менен “Anglia examinations ENGLAND” уюмунун өкүлү Мартин Клотс сертификаттарды тапшырды.

Министрдин орун басары Бекжан Супаналиев англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсу мугалимдердин потенциалын жогорулатуу, өнүктүрүү максатында уюштурулуп жаткандыгын белгиледи.

Окутуу Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунундагы Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейдин базасында өтүүдө.

Белгилей кетсек, аталган курс 5 агымда уюштурулуп, жалпысынан 300дөн ашуун англис тилинен сабак берген мугалим катышат.

Пикир

Оставить комментарий