• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй-Фучик көчөсүнүн кесилишинде канализациялык коллектордун курулушу башталат

Коом 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунан тарта Чүй проспектиси менен Ю.Фучик көчөсүнүн кесилишинде унаа кыймылына чектөө киргизилет, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу аталган кесилиште кыймыл убактылуу чектелет. Чүй проспектиси Бишкектин негизги транспорттук артерияларынын бири экенин эске алып, жол иштери күнү-түнү жүргүзүлөт. Курулуш иштерин тез арада бүтүрүү пландалууда.

“Бишкексууканал” башкармалыгы борбор калаанын тургундарын жана конокторун убактылуу чектөө киргизүүгө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт, анткени бул инфраструктураны жакшыртууга жасалган маанилүү кадам.

Канализациялык коллектор саркынды сууларды чогултуу жана чыгаруу, дренаждык системаны жана шаардын санитардык абалын жакшыртуу үчүн кызмат кыла турган маанилүү инженердик курулуш болуп саналат.

Маалымдама: Курулуп жаткан канализация коллекторунун жалпы узундугу 11 км. Анын саркынды сууларды өткөрүү кубаттуулугу суткасына 100 миң куб метрди түзөт. Аны төшөөдө диаметри 0,6 метрден 2 метрге чейинки темир-бетон түтүктөр колдонулат. Коллектордун иштөө мөөнөтү 70 жылдан ашык.

Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жана Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланат. Долбоорго 8 миллион евро бөлүнгөн, анын 3,5 миллион евросу насыя, 4,5 миллион евросу грант.

Пикир

Оставить комментарий