• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек жана Чүй облусунун аймагында бир түндө 30 мас айдоочу кармалды

Коом 0


Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Бишкек жана Чүй облусунун аймагында бир түндө 30 мас айдоочу кармады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мас айдоочулар ЖКККББнын Атайын адистештирилген ротасы тарабынан жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында өткөрүлгөн "Бахус" рейддик иш-чаранын алкагында аныкталган.

Белгиленгендей, аталган рейддик иш-чара айдын аягына чейин уланат.

Эскерте кетсек, мас айдоочулар КР Укук бузуу кодексине ылайык, бир жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Пикир

Оставить комментарий