• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Кытай санариптештирүү жаатында кызматташтыкты күчөтөт

Коом 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытай ШКУнун алкагында санариптештирүү жаатында кызматташтыкты күчөтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн, 27-декабрда санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана "Жибек жолу" өнөр жай интернетин илгерилетүү борборунун башкы директору Ян Юн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын илим, технология жана инновация жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча билдирүүсүн ишке ашыруунун алкагында санариптештирүү жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүү, санариптик чечимдерди иштеп чыгуу маселелери боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга жана өнүктүрүүгө жана өнөр жайлык интернет-технологиялар жана соода-экономикалык кызматташтык жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө багытталган.

Меморандумду талкуулоо процессинде КР президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов катышып, мындай деп белгиледи: "Биз бирге бир нече стратегиялык багыттарга токтолобуз. Биринчиси – маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун курууну активдүү колдоо аркылуу санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, экинчи багыт - архивдик документтерди санариптештирүү, үчүнчүсү микросхемаларды чыгаруучу заводду куруу. Бул долбоорлор-алдыңкы технологияларды көрсөтүү гана эмес, мамлекеттик башкарууда санариптик трансформацияны практикалык ишке ашыруу".

Бул маанилүү кадам технологиялык прогресске жана санариптик трансформация чөйрөсүн өнүктүрүү аркылуу жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга түрткү болот.

"Жибек жолу" өнөр жай интернетин илгерилетүү борбору менен кызматташуунун башталышы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун колдоосуна жана жактыруусуна ээ болду.

Маалымдама: "Жибек жолу" өнөр жай интернетин илгерилетүү борбору - Шанхай Кызматташтык Уюмунун колдоосу менен ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин илим, технологиялар жана инновациялар жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө декларациясын ишке ашыруунун практикалык механизми катары түзүлгөн илимий-техникалык коомдук уюм.

Пикир

Оставить комментарий