• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто 600 баланын катышуусунда мэрдин балатысы өттү. Сүрөттөр

Аймак 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында мэрдин балдар үчүн жаңы жылдык “Алтын балаты – 2024” майрамы болуп өттү. Ага 600дөн ашуун мектептин алдыңкы окуучулары, майыптыгы бар, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаанын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, кубаныч жана окууларында албан ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга шаардык маданият башкармалыгы, “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан оюн-зоок программасы көрсөтүлүп, балдарга майрамдык маанай тартууланды.

Соңунда майрамга катышкан бардык балдарга таттуу белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий