• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматында глобалдык акча жумалыгынын алкагында ачык эшиктер күнү өттү

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы "Глобалдык акча жумалыгынын" алкагында жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн ачык эшик күндөрүн өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Студенттер үчүн Бишкек шаарынын ишкерлерди тейлөө борборунда экскурсия уюштурулду, алар ишкерлерге мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жөнүндө толук маалымат алышты.

Салык кызматкерлери "бирдиктүү терезеде" салык төлөөчүлөргө салык кызматтарын көрсөтүү процессин жана салык кызматынын "Камералдык текшерүүлөр" программалык модулунун ишин көрсөтүштү.

Жыйынтыгында Салык кызматынын ишмердүүлүгү, Кыргызстандын салык системасы, салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча долбоорлор жөнүндө лекциялар өткөрүлдү жана кызматтарды электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүштү.

Иш-чарага жалпысынан 100гө жакын студент катышты.

Эскерте кетсек, Глобалдык акча жумалыгы - бул дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында жыл сайын өткөрүлүүчү масштабдуу кампания.

Пикир

Оставить комментарий