• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балдарды коргоо күнү. Бишкектин борбордук бөлүгү транспорт кыймылына жабылды

Коом 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөгө байланыштуу Бишкектин борбордук бөлүгү транспорт кыймылы үчүн жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 1-июнда саат 07:00дөн баштап майрамдык иш-чара аяктаганга чейин Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылды.

"№7, №34, №38 автобустар жана №111, №134, №137, №138, №166, №211, 220 маршруткалар Ала-Тоо аянтын айланып өтүп, Тыныстанов, Киев, Тоголок Молдо көчөлөрү менен жүрөт", - деп белгилешти мэриядан.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамдарды алдын ала пландап алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий