• 88.68
  • 95
  • 0.95

ТИМде Кыргызстанда катталган Ардактуу консулдар менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 29-февралында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин Ардактуу консулдары менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ардактуу консулдары катары өкүл болгон өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун ар түрдүү аспектилери талкууланды.

Министрдин орун басары Имангазиев дипломатиялык мамилелерди чыңдоодо жана экономикалык, ошондой эле маданий өз ара байланышты өнүктүрүүдө алардын маанилүү ролун белгиледи.

Ошондой эле ал соода, туризм, билим берүү жана маданият сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча ардактуу консулдардын ролун активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

"КР Тышкы иштер министрлиги социалдык-экономикалык долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууда ардактуу консулдарга мындан ары көмөк көрсөтүүгө жана колдоого даяр", - деди Имангазиев.

Пикир

Оставить комментарий