• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Караколдо чоң класстын окуучулары тамашалап баланы уурдоого аракет кылышкан – видео

Коом 0


Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Социалдык тармактарда Караколдо мектеп окуучусун күч менен унаага салууга аракет кылган видео тараган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-февралда "whatsApp" социалдык түйүндөрүндө "Мерседес" үлгүсүндөгү унаадагы белгисиз адамдар жашы жете элек баланы күч менен унаага отургузууга аракет кылган видео тараган. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул окуя Каракол шаарында орун алган.

Буга чейин бул факты боюнча Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө эч ким арыз же билдирүү менен кайрылган эмес. Социалдык тармактарга тараган видео ошол эле күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүү учурунда шаардык милиция кызматкерлери унааны жана анын ичиндеги жарандарды аныкташкан. Алар Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучулары, 16 жаштагы К.У., Э.Н., Ж.Б. жана А.И. болуп чыгышты жана алар мыйзамдуу өкүлдөрү менен Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына алып келинген. Ошондой эле, унаага салууга аракет кылган жаш өспүрүм баланын өздүгү да аныкталган. Ал Каракол шаарындагы № 2 орто мектептин 3-классынын окуучусу болуп чыкты. Аны да мыйзамдуу өкүлдөрү менен бирге тергөө кызматына алып келишкен.

Жогорку класстын мектеп окуучуларынын айтымында, алар 27-февраль күнү окуучулардын биринин атасына таандык “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаа менен шаарды айланып жүрүшкөн. Унааны башкарып бара жаткан Ж.Б. жол жээгинде ойноп жаткан балдарды көрүп, алардын жанына токтогон. Аны менен чогуу бара жаткан классташтары тамашалап, ойноп жаткан балдардын бирин жол жээгинде ойнобоо максатында унаага салууга аракет көрүшкөнүн билдиришкен.

Учурда, аталган факты боюнча бардык жагдайларды толук кандуу аныктоо үчүн териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий