• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин айрым тилкелеринде жол-тротуарларды оңдоо иштери кайрадан жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Бишкектин айрым участокторунда жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштери кайрадан жүргүзүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул акыркы убакта шаардын айрым тилкелериндеги жолдордун абалы боюнча кайрылуулар көбөйгөндүгү менен байланыштуу.

2023-жылдын ноябрь айында мэр Айбек Жунушалиев артыкчылыктуу милдеттердин бири катары тротуарларды оңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын текшерүүнү тапшырган.

Тапшырманы аткаруунун жыйынтыгы боюнча 14 жалданма ишкананын 12сине кемчиликтерди жоюу жөнүндө 36 жазма буйрук берилген, алар өз убагында аткарылбаган учурда ак ниетсиз подрядчылардын базасына киргизүү үчүн сунушталат.

Белгилей кетсек, кемчиликтер аныкталган бардык оңдоо иштери подрядчылардын эсебинен калыбына келтирилет.

Мындан тышкары, текшерүүнүн жыйынтыгында тротуарларды оңдоо маселесин көзөмөлдөгөн айрым адистер ээлеген кызматынан бошотулду.

Чуңкурларды жамоо боюнча "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын адистери жерине барып, мониторинг жүргүзүп, жолдун чункурларын жамоо үчүн тизме түзүүдө.

Бул участоктордо 2024-жылдын 5-мартынан баштап чуңкурларды жамоону баштоо пландалууда.

Ошондой эле борбордун активдүү жашоочулары четте калышпай, авариялык абал жараткан кемчиликтери бар көчөлөрдүн даректерин жөнөтүп жатышат.

Кайрылуулардын ар кандай түрлөрү социалдык тармактар аркылуу, ишкананын WhatsApp номуруна жана Бишкек шаарынын мэриясынын сall-борборуна келип түшүүдө.

Үстүбүздөгү жылы муниципалдык ишкана тесттик режимде агымдуу-инъекциялык ыкманы колдонууну (тайыз чуңкурларды жана жаракаларды оңдоо, жолдун үстүн тегиздөө) жана өзү жасаган муздак асфальтты колдонууну пландаштырууда.

Бүгүнкү күндө "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын авариялык кырдаалдарды жана тыгындарды болтурбоо максатында чуңкурларды жоюу боюнча убактылуу чараларды көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий