• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда окуучу изделүүдө, ал мектептен чыккан бойдон дайынсыз болууда

Аймак 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын тургуну 2010-жылы туулган Орозмаматова Айбийке Расуловна изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 26-февралда саат 12:10 чамасында Спутник кичи районунда жайгашкан №9 Р.Санатбаев атындагы мектептен окуудан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда окуучунун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 см, кашы, көзү, чачы кара узун, ак жүздүү, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү куртка, кара түстөгү юбка, кара түстөгү бут кийим болгон.

"Дайынсыз болуп жаткан Орозмаматова Айбийке Расуловна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102, (03722) 5-28-31, 0553 78 00 78, 0771 93 60 70 номерлери аркылуу билдирип коюну суранабыз", - деп айтылат милициянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий