• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаары тогуз айдын жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны өтүп, анда 6 маселе каралды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйынга калаа башчысы Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мэрдин орун басарлары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде каралган маселелер:

  • Ош шаарынын 2023-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2023-жылдын IV кварталына карата милдеттер жөнүндө;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден-соолугун, саламаттыгын сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө” программасынын аткарылышы жөнүндө;
  • Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жана Геопортал электрондук маалыматтык системасынын долбоорунун аткарылышы жөнүндө;
  • Ош шаарынын эконмика тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдагы күзгү-кышкы мезгилине даярдыктарды көрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө;
  • “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө;
  • 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында, кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышынын абалы жөнүндө.

Жыйынтыгында каралган маселелер боюнча токтом долбоорлору кабыл алынып, белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий