• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто терроризм жана экстремизмге каршы жөө жүрүш болот

Аймак 0

Ош, 22.11.18. /Кабар/. Ош шаарында эртең, 23-ноябрда “Коопсуз Ордо” долбоорунун алкагында терроризм жана экстремизмге каршы жөө жүрүш болот.

Аталган иш-чарага шаардык активистер, калаа жашоочулары, жаштар, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери жана мугалимдери жана жергиликтүү айылдык кеңештердин өкүлдөрү катышат.

Марштын максаты – шаар тургундары арасында террористик жана экстремистик идеологияларга берилүүсүнүн жана терроритик уюмдарга кошулуусунун алдын алуу.

Катышуучулар терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү жана тынчтыкты, достукту, толеранттуулукту сактоо жана өнүгүүгө кадам таштоо тууралуу плакаттарды алып келишет.

Пикир

Оставить комментарий