• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат: Бишкектеги коомдук транспортту газ жана электр энергияга которуу керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.18 /Кабар/. Бишкектеги коомдук транспортту газ жана электр энергиясына которуу керек. Мындай пикирин депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин «Ар кыл маселелер» саатында сунуш кылды.

Маматалиев Бишкектин үстүнө уюган кара түтүн боюнча коомчулуктун тынчсыздануусуна өкмөттүн маани берип, бир катар тапшырмаларды бергендигине токтолуп, өкмөткө кошумча жардам иретинде өз сунуштарын дагы тизмектеди.

Анын белгилөөсүндө мындан ары коомдук транспорттор үчүн бензин жана дизель майы менен жүрүүчү автобустарды алууну токтотуу керек. Ошону менен катар 6 айлык мөөнөттүн ичинде Бишкектеги коомдук автобустарды газга өткөрүүнү камсыздоо зарыл. Белгилүү бир мөөнөттөн кийин эл ташыган маршруттук таксилерди дагы газга өткөрүү керек, - дейт депутат.

"Кыргыз өкмөтү экологияны коргоо жаатындагы дүйнөлүк уюмдар менен тыгыз кызматташып, борбор калаадагы буу казандарды электр же газ менен иштөөсүн шартташы керек", - дейт Маматалиев.

Экология маселесине кайрылган депутат Дастан Бекешев бул багытта өкмөт атайын программа даярдап, тиешелүү жабдууларды сатып алабыз деген сөздөрү сөз боюнча эле калып, эч кандай иш-аракеттер байкала электигин белгиледи.

Карапайым калктын саламаттыгы үчүн таза аба, таза суу, таза тамак-аш өтө маанилүү экенин билдирген депутат Айнуру Алтыбаева бул темада өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий