• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сот департаменти: Алимент төлөбөй качып жүргөн 2731 адам издөө жарыяланган

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети алименттик милдеттенмелердин аткарылышын ыратташтырууга багытталган "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Демилгечи – депутат Максат Сабировдун айтымында, 2017-жылы "Сот аткаруучулары жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” жаӊы мыйзам ишке киргизилип, "КР аткаруу өндүрүшү тууралуу жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө" мыйзамы күчүн жоготкон.

Ошондон улам, жаӊы мыйзамды алименттик милдеттенмелер боюнча жаӊы ченемдер менен толуктоо зарылдыгы келип чыкты.

"Мыйзам долбоору менен сот аткаруучуларынын укугу, карызкорлордун маалымат базасын түзүү боюнча милдет, ошондой эле редакциялык мүнөздөгү айрым бир толуктоолор киргизилүүдө", - деди Сабиров.

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин маалыматына караганда, ушу тапта алимент төлөбөгөн 2731 адамга издөө жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий