• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Монголия парламенттер аралык байланышын өнүктүрөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюшту.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, меморандумда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын ортосунда кызматташуу боюнча комиссияны түзүү маселеси камтылып, ар тараптуу алакаларды арттырууга багытталган ченемдер киргизилген.

Анын ичинен тармактык комитеттердин, депутаттык достук топторунун ортосунда тыгыз кызматташтыкты калыптандыруу жана эл аралык алкактагы байланыштарды чыңдоо тууралуу макулдашуулар белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий