• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Ачык-айкын жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылышыбыз керек"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29апрель /Кабар/. Кечээ, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков "Баалоо аркылуу биздин дүйнөнү өзгөртөбүз: дүйнөнү жакшыртуу үчүн өз ара байланыштар жана өнөктөштүк" аталышындагы Үчүнчү глобалдык форумдун жабылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Жогорку Кеӊештин жана жеке өзүнүн атынан иш-чаранын катышуучуларына, мониторинг жана баа берүү системасын ишке ашыруу маселелерин талкуулаган Жогорку Кеӊештин, чет өлкөлүк парламенттердин депутаттарына, Өкмөттүн, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

"Заманбап дүйнөдө өлкөнүн келечектүү өнүгүшүнө жана ачык-айкын, натыйжалуу башкаруунун түзүлүшүнө мониторинг жана баа берүү тутумунун таасири жогорулап барат" - деген Төрага натыйжалуу мониторинг тутумун түзүү - абалга учурунда баа берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздап, туура эмес кабыл алынган саясий жана административдик чечимдердин күтүлгөн терс натыйжалары тууралуу маалымат алууга болорун кошумчалады.

Жогорку Кеӊеш бул жаатта бир катар мыйзамдарды кабыл алуу менен, жигердүү иш алып барып жатканын айткан Чыныбай Турсунбеков: "Мониторинг жана баа берүү жараяндарын мыйзамдаштыруу багытында биргеликте иш алып баруу мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жарандык коомдун ишин координациялайт", - деди. Ошондой эле, форумдун уюштуруучуларына ыраазычылыгын айткан Төрага, бул багытта чогу кызматташуу күтүлгөн жыйынтыктарга жетүүгө жардам берерин билдирди.

Эске салсак, аталган форум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши жана Өкмөтү тарабынан Баа берүү кызматташтыгы боюнча Эл аралык уюмдун (IOCE), Баа берүү боюнча топтун (UNEG), Баа берүү боюнча бүткүл дүйнөлүк депутаттар форумунун, КР мониторинг жана баа берүү улуттук тармагынын жана Баа берүү Евразиялык тармагынын колдоосу менен уюштурулган. Иш-чарага Тажикстандын, Шри-Ланканын, Колумбиянын, Камбоджанын, Уганданын, Марокконун жана башка өлкөлөрдүн бир катар делегациялары катышты.

Пикир

Оставить комментарий