• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер көчкүнүн астында 24 адам калды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 29-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 29-апрель күнү саат 07:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 млн м3 болгон жер көчкү түшүп, болжол менен 7 турак үйдү басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен алдын ала маалыматка ылайык, 24 адам жер көчкүнүн астында калган.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин генерал-майор Кубатбек Боронов буйругу менен өзгөчө кырдаал катталган аймакка Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар миристрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ, КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын башчысы, райондук бөлүм башчысы, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 64 куткаруучу, КР ӨКМнин №53 өрт куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу 2 КамАЗ, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун көчмө башкаруу пунткту жөнөп кетишкен.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий