• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган).

Бишкек шаарынын Ленин районунда жыгач устундуу шифер жабылган иштебеген жыгач иштетүүчү цехтин чатыры жана айнек кебез менен жылууланып капталган дубалы күйгөн, жалпы аянты 40 чарчы метр. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айылында турак үйдүн жыгач устундуу темир жабылган 90 чарчы метр чатыры жана жыгач дубалдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында кароосуз калган турак үйдүн 80 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий