• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Торугарт жолунда эки унаа кагышып, бир адам каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 80-чакырымында (Чым-Коргон айылы) 2-февраль күнү саат 19:45 чамасында MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz унаасы сүзүшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы эркек киши каза болуп, 50 жаштагы эркек киши жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган жаран тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий