• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокенде өрттөнгөн үйдөн адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Коминтерн айылында турак үй толугу менен күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттөнгөн үйдөн 49 жаштагы А.Н. аттуу эркек кишинин сөөгү табылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий