• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыл башынан бери өрт кырсыгынан 102 адам куткарылган – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылдын 10 ай ичинде өрт кырсыгынан 102 адам куткарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10 ай ичинде 2 миң 45 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен 16 адам каза таап, 23 адам жабыркаган.

"Өздүк курамдын аракетинде тилсиз жоодон 102 адам куткарылып, 4 млрд 586 млн 564 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. Ал эми өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 38,9%га азайган, 2019-жылы 10 ай ичинде 3349 өрт кырсыгы катталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий