• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунун бир катар айылдарында сел жүрдү

Кырсык 0

Бишкек, 20.04.24. /Кабар/. Ош облусунун бир катар айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 20-апрелде жаап өткөн жаандын кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагынын Чаеке айылында сел жүрдү. Жерине маалымат тактоо максатында Кара-Суу райондук ӨКБдан ыкчам топ жана Кара-Суу РМА башчысы чыгып кеткен.

Ошондой эле Ош облусунун Алай районундагы Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында сел жүрүп, Гүлчө–Жошолу ички чарбалык унаа жолунун 7 чакырымы жабылган. Жерине Тилектеш айыл аймагынан грейдер тартылып, унаа жол саат 19:30 тазаланып ачылган.

Мындан тышкары, жаап өткөн жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен Алай районунун Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында сел жүргөн. Жерине ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ тартылган.

20-апрелде саат 17:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош–Гүлчө–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолунун 45-49-чакырымдарынын 2 тилкесинде сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Жолду сел калдыктарынан тазалоо үчүн 2 автогрейдер тартылды.

Пикир

Оставить комментарий