• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында сууга түшүп кеткен баланы издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Нарында сууга түшүп кеткен баланы издөө иштери бүгүн дагы уланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Билдирүүгө ылайык, Нарын районунун Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 2014-жылы туулган Т.Т. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 27 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана ИИМден 10 кызматкер тартылып, жалпы 97 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлүп, саат 19:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду, 10-март күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий