• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекке жакын жерден иттер кемирип кеткен эркектин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында иттер кемирип кеткен эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдын денесинде зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөндүн белгилери жок.

Учурда милиция жарандын өздүгүн тактап жатат. Тергөөгө чейинки текшерүү башталып, анын алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий