• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чаткалда 48 жаштагы киши сууга агып каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Чаткал районунда 48 жаштагы эркек киши сууга агып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында Терек-Сай суусунда 1974-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып, адамдын сөөгүн суудан чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий