• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө 7 жаштагы бала сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 28.05.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө куткаруучулар 7 жаштагы баланын сөөгүн табышты. Бул тууралуу ӨЗгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-майда саат 21:50 чамасында Каракол шаарынын Пржевальский менен Кузбасский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнүн үстүнөн 7 жаштагы Ш.У бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Каракол шаардык 15-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, саат 22:10 баланын жансыз денесин табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий