• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ: Россиядагы жол кырсыгынан каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок

Кырсык 0

Бишкек, 16.11.18 /Кабар/. Россиянын Кемеров облусундагы жол кырсыгынан каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленинск-Кузнецк трассасында кыргыз номурлу жеңил автоунаа жолдон чыгып, минивен менен кагылышкан. Айдоочу жана жүргүнчү каза болгон.

Кыргызстандын Новосибирсктеги вице-консулдугунун маалыматы боюнча, жол кырсыгы 15-ноябрда болжол менен саат 15:29да катталган. Каза болгон адамдар Россиянын жарандары болуп чыккан.

Учурда кыргыз номурлу унаа кимге таандык экендиги такталууда.

Пикир

Оставить комментарий