• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда мектеп өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Сары-Дөбө айылындагы "Сары-Дөбө" орто мектебинде өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, жалпы аянты 270 чарчы метрге жеткен өрт саат 03:35те чектөөгө алынып, таңкы саат 05:30да толугу менен өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун кесепетинен мектептин эки бөлмөсү, коридору, чатыры жана эки класстык бөлмөсүнүн айрым жерлери күйгөн. Азыркы тапта өрттүн себеби жана материалдык чыгым такталууда.

Өрттөн эч ким жабыркаган жок.

Пикир

Оставить комментарий