• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Бишкекте жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 30-июлда Лев Толстой жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде “Toyota Ipsum” жана “Жигули” үлгүсүндөгү эки жеңил унаа сүзүшкөн.

“Жабыркагандар бар – бир жүргүнчү 4-шаардык ооруканага, бир бала 3-балдар ооруканасына жеткирилди. Эки унаа тең атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулду”, - деп билдиришти ведомстводон.

Басма сөз кызматынан билдиришкендей, кырсык болгон жерде иликтөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий