• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Атадагы жол кырсыгынан эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 3-июль /Кабар/. Ысык-Ата районундагы жол кырсыгынан эки адам каза болуп, бешөө жабыркагандыгын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Кырсык айланып өтүүчү жолдо болгон. Жабыркагандардын бирөөсү Ысык-Атадагы райондук ооруканага жаткырылып, анын абалы оор экени айтылууда. Анын баш сөөгү чайпалып, ички органдары жабыркап, бети сыйрылып кеткен.

Расмий маалыматтарга ылайык, республикада жол кырсыгы көп катталып, анын кесепетинен бир күндө үч киши көз жумары аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий