• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абитуриенттерди кабыл алуу 10-июлда башталат

Билим 0

Бишкек, 3-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу 10-июлда башталып, анда бир канча тур өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен аткарылат.

Биринчи тандап алуу туру 10-15-июлга чейин белгиленген.

Окууга тапшыруу процедурасы:

10-12-июлга чейин - таллондорду чогултуу жана 13-15-июлда окуу жайларга абитуриенттердин өткөндүгүн тастыктоо.

Экинчи тур 17-июлда башталып, биринчи турдагыдай 6 күндүн ичинде процедуралар бүтөт.

Өзүнүн мүмкүнчүлүгүн үчүнчү ирет колдонууну абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлигинин чечимине ылайык, 1-2-турдун жыйынтыгына жараша колдоно алышат.

Пикир

Оставить комментарий