• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинети жаңы окуу жылына карата 6 миң гранттык орун бөлдү

Билим 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. 2022–2023-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алуу көлөмү бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Аталган маселе боюнча Кыргызстан билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баяндама жасады.

Белгилей кетсек, 2022–2023-окуу жылына 6 миң мамлекеттик билим берүү гранты бекитилген, анын ичинен 4 миң 663 билим берүү гранты педагогикалык кадрларды даярдоого бөлүнгөн. Ошол эле учурда 2022-2023-окуу жылына кошумча 205 гранттык орун бөлүнүп, алар табигый-техникалык жана педагогикалык багыттарга бөлүштүрүлгөн.

Быйыл мурдагыдай эле жогорку окуу жайларына тапшырууда жеңилдиктерге ээ болгон жарандардын категориясы аныкталды.

Кеп 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган абитуриенттер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы, 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында каза болгон жарандардын балдары жана кайрылман статусуна ээ болгондор, чет жерде жашаган этникалык кыргыздар тууралуу болуп жатат.

80 мамлекеттик билим берүү гранты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн берилген.

Пикир

Оставить комментарий